www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оор мезгилде, экономика өлгөн, казына бош, карызыбыз 2,5 млд $ды чапчыган маалда өлкө башына келди деп Бакиевди айтыш керек. Бул тууралуу активист Шамурза Бөрүкулов жазып чыкты.
«Бир карасаң жакшылыкты көрбөй, күчтүү адамдарды баалабай жерге киргизе каралаган элбиз. Анан эле бир заматта өзгөрүлүп: берешен, боорукер, кечиримдүү адамдарга айланып калабыз. Ушул күндө соцтармакты ачсаң эле: «Акаевди кечиришибиз керек. Ал деген өтө оор мезгилде өлкө башкарды» деген ойго келбеген сандырак сөздөрдү айткан бейлимчилдер көбөйдү.
Биринчиден: Акаевдин эч кимден кечирим сурай турган түрү жок. Кечирим сурабаса эмнени кечирмек элеңер, обу жок байкуштар. Сарайга камап баккан сыйырдай болуп жаак эттери салаңдап, бетинин майы сыртына сызыла агып, Акаевиңерден деги эле туулган жерди куса болуп сагынган адамдын белгиси көрүнбөйт. Экинчиден: Акаев кайдан жүрүп оор мезгилде өлкө башкарып калды экен? Эмне, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин келдиби өлкө башына? Же болбосо, элдин башын бириктирип, жаңы жер өздөштүрүп, суу чыгарып, Ильичтин шамын алып келип шаар куруп, жаңыдан мамлекет түптөдүбү?
Союз мезгилинде орус куруп берген фабрика-заводдор, текстил комбинаттары иштеп турган, санына сан жетпеген мал чарбасы, ишсиз адамдын өзүн таап болбогон айыл чарбасы, митинг эмне экенин билбеген, сойсо-сатса былк этпеген жоош, маданияттуу элге президент болуп келбеди беле? Кана ошол фабрика, заводдор? Кайда калды жайыттарга батпаган совхоз, колхоздордун мал жандыктары? Баарын талкалап сатты, талоонго койду, маданияттуу элди тартипсиз жапайы макулуктарга, ал эми бийлик башындагы эл башкаруучуларды тоюп өлбөгөн жуткучтарга айлантты.
Өзү «учёный» болуп туруп илим-билим тармагын талкалады. Саны көп, сапаты жок жогорку окуу жайларын көбөйттү. Чоң окуу жайлардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлегенибиз менен жогорку билимдүү жаштарыбыз мектептин деңгээлиндеги билими менен калып кетти. Андай экенин алтынчы чакырылыштын депутаттары далилдеп коюшту, өздөрүнүн калыптанбаган мүнөздөрү, мектеп класстарында өрчүбөй калып кеткен билимдери менен.
Алтыны жок эле: мөңгүлөрдү бузбай, тоолорду томкорбой, жаратылышка кыянаттык кылбай бир жакшына жашап келгенбиз. Кумтөр деген балакетти чыгарып: кыргыз элин намысы жок, келечекти ойлонбогон, бүгүнкү күн менен жашаган байкуштарга айлантты. Качан акча таркатып митинге чакырат экен деп көчөнү аңдыган жугундукорлордун армиясын түздү. Эл жүгүн көтөрөбүз деп чыккан кыйындар, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын чет мамлекеттерге оңой эле сатып жибере турган саткындарга айланышты.
Адамдар ишсиз калды. Билимдүү жаштарыбыз, кесипкөй специалистер чет өлкөлөргө чыгып кетишти. Кыскасы кыргызды кул кылды. Мигранттардын санынын көбөйүшүнүн натыйжасында үй бүлөлөр ажырашты, канчалаган үй бүлөнүн жаздыгы кургап калды. Ата-энеси мигрант болуп сыртта жүргөндөрдүн балдары ар кимдин колунда калышып: тарбиясыз, тагдыры талкаланган жаштардын саны көбөйдү.
Мектептин ремонттору, окуучулардын окуу куралдары, а түгүл балаң окуган класстын замогуна, занавескасына чейин ата энелер акча төлөп калган. Үч балага бир китеп, ал дагы лөлүнүн ыштанындай болуп самсаалап жыртылган китептерди окушуп, балдарыбыз окуу куралдары жок калган. 1995-1996 жылдары кадимки эле ачарчылык болуп, эл ачка калып аябай эле кыйналышты.
Спорт, маданият, искусство, койчу баардык тармакты талкалап, элди ишсиз коюп, өзү Кумтөрдөн уурдаган алтындарды өлкөдөн чыгарып кетти.
Баардык нерсе бар, өндүрүш иштеп турган, жумушсуз адамдын өзү жок, карыз эмне экенин билбеген өлкөгө келип, он беш жылда колуңа илине турган нерсе жок байкуш, бечара өлкөгө айлантып койгону үчүн кечиребизби?
Оор мезгилде: экономика өлгөн, казна бош, карызыбыз 2,5млд$ды чапчыган маалда өлкө башына келди деп Бакиевди айтыш керек. Башканы айтпай эле койдум, ак нанды Бакиевдин убагында көргөнүңөрдү эсиңерден бат эле чыгарып салган кайдан чыккан нан тепки акмаксыңар? Акаевдин ошончо кылмыштарын, акмакчылыгын көрүп-билип туруп, кечээ кучак жайып тосуп алгандарды ким десе болот?
Ал эми, өлкөгө келе элек Бакиев жөнүндө алдын ала эле ыплас аракеттерди жасашып, ар кандай ушак айыңдарды таркатып жаткан атамбаевчи, отунбаевачы макоолор! Ылайым эле Кудайдын жазасыз силерди соо койбосун. Гени бузук трайбалистер, эл болбойт экенсиңер», - деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg