www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Баткен: Жолду 30 чакты аял тосуп отурат

Баткен облусундагы Лейлек районунун Катраң айылынын тургундары Баткен-Ош-Исфана жолун тосуп алышты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Лейлек району боюнча жооптуу катчы Имарали Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, алар Өзгөрүш алтын кенин иштетүүгө нааразы болуп бир нече күндөн бери митингге чыгышууда.

«Катраң айылынын тургундары Өзгөрүш алтын кенин иштетүүгө нааразы болуп, митингге чыккан. Натыйжада жай тургундардын туугандарын, балдарын экинчи тарап кармап кетишкен. Буга байланыштуу алардын жакындар Баткен-Исфана жана Ошко кетчү жолду тосууга аргасыз болушту. Азыр нааразычылык акциясына чыккан 20-30 чакты аял Коргон айылында жолду тосуп отурушат», - деди Жолдошов.

Ошондой эле, нааразы болгон эл менен облус башчысы жолугарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Катраң айылынын активистти Сапарали Бөрүбаев NazarNews маалымат агенттигине анын өмүрүнө коркунуч келип жатканын, алтын казган кен мыйзамсыз иштеп жатканын да айтып кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости