www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде ок чыккан Ортобоз жана Актатыр аймактарында толугу менен электр жарыгы өчтү. Учурда Төрт-Көчө аймагында тажик тарап ок атып жатышат. Жергиликтүү тургундар улуу муундарды коопсуз жайларга жиберүүдө. Саат 19:35 чамасында Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарган. Чыр-Дөбө, Төрт-Көчөдө тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонуп жатат. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар NazarNewsка билдирди.
Буга чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчугандыгын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкен эле.
Маалыматка таянсак, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлери Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн бир тараптуу тосуп алышкандыгы айтылды.
Эске сала кетсек, бүгүн, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин тосуп салышкан.
Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөнү менен майнап чыккан эмес. Кырдал курч боюнча калууда.
Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.
Эске сала кетсек, 4-майда чек ара жаңжалындагы куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болуп 189 тургун жаракат алган. Ошондой эле, 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.
Булак: NazarNews.kg