www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Азиз базарында бир кап унга 350 сом кошуп, сатып жаткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Финпол маалымдады.

Маалыматка караганда, сатуучу 63 кап ундун ар бирине 350 сомдон кошуп сатып жиберген. "Бишкек шаарынын Махатма Ганди, 201 дарегиндеги "Азиз" базарында спекуляция боюнча арыз түшкөн. Анын алкагында Финполдун кызматкерлери атайын текшерип көрүү үчүн барганда, аларга 63 кап унду 104 миң сомго саткан. Ошол эле бир кап ундун базардагы баасы 1300 сом болчу. Бирок аны 1650 сомго кымбаттатып жиберген", — деп айтылат маалыматта

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 216-берене ("Монополиялык аракет жана атаандаштыкты чектөө") менен катталды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге кылмыш иши козголгон.

Азык-түлүктүн баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо, (0312) 32-30-91 жана 32-37-07 номерлери аркылуу Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.

Эске сала кетсек, 13-март күнү Казакстандын жарандарынан коронавирус аныкталгандыгы маалым болгондон кийин, Кыргызстандын тургундары чек ара жабылып калышы мүмкүн деген негизде,  азык-түлүк алуу максатында базарларга кезекке турушкан. Бул кырдаалдан пайдаланып, алып сатуучулар керектүү делген ун, кесме,  суу май жана ушул сыяктуу продуктулардын баасын кескин кымбаттатып жиберишкен.

Мындан улам кыргыз өкмөтү, азык-түлүктүн кымбатташына эч кандай себеп жок экендигин айтып, жеке кызыкчылыктары үчүн бааны кескин кымбаттатып жиберген сатуучуларга чара көрүү тапшырмасын берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости