www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик талашып өлкөнү ойлобогон аткаминерлерге Аксакал ата ыйлап, социалдык тармактан акылын айтты. Ал, өз сөзүндө:

--Урматтту Өкмөт башчылары, депутаттар, партия башчылары! Сиздер, элди ойлойсуздарбы? Кары-картаң, жаштарды ойлойсуздарбы?! Элди кыйнап бүтүрдүңөр го! Байлыктын, бийликтин убактынча эмнеге түшүнбөйсүңөр! Көпчүлүгүңөрдүн 4-5ден диполомуң бар, эмнеге “элементарный” нерсеге башыңар жетпейт! Качанга чейин кыргыз бири-бириңерде чукуп оңолбой жүрөсүңөр! “Байларды камаймын” дегениңерди токтоткула! Акырет деген бар! Ар бирибиз акыреттин алдында жооп беребиз! Бизди чет өлкөгө уят кылган башчылар эмес, акылдуу башчылар керек! Кандай акылыңар жок! Карыган аксакалча акылыңар жок! Балдарым жетишет, элди кыйнабагыла, болду, ынтымакка келгиле! – деди аксакал ата.

Эске сала кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Жыйынтыгында шайлоого нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Андан соң митингдин уюштуруучуларына президент атайын Кайрылуу жасаганы менен бир пикирге келише алган эмес. Баш аламандыктын айынан Атамбаев баштаган бир топ адамдар камактан чыгып кетишкен. 10-октябрда Атамбаев жана анын тарапкерлери кайра камалышты. Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, талап аткарылбаса катуу чара көрүлө тургандыгын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости