www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы Камбар-Ата көчөсүндө батирде турган аялдарды үйдүн ээси эшикке чыгарып салды. Бул тууралуу видео-тасманы Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Айгерим Иманалиева өзүнүн баракчасынан жарыялады.

Анын айтымында, алар 5-мартта батирге киришкен, карантин болгондуктан бир айдан кийин акчасын төлөйбүз деп сүйлөшүшкөн. Бирок, бүгүн эртең менен ээси батирден чыгарып салган. Көчөдө калган аялдардын арасында бир жашка чыга элек наристе да бар.

Эске сала кетсек, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланып, коомдук транспорттор, таксилер токтотулган. Ошондой эле, баардык иш каналар, базарлар дагы жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости