www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки автоунаа кагылышып, ичиндеги кишилер ыргып кеткен учур видеого түшүп калган. Бул тууралуу Oppa Instagram-аккаунту видеосун жарыялады.

Кадрдан Volvo жолтандабасы жогорку ылдамдыкта келип, эл ташыган Mersedes-Benz үлгүсүндөгү маршрутканы жолдун кесилишинен сүзгөндө, маршруткадан кишилердин ыргып кеткендигин көрүүгө болот. Андан соң, катуу кагылган бус тротуарга күү менен кирип барып, тосмонун түбүндөгү бакты сүзүп токтогон.

Эске сала кетсек кырсык кечээ, 5-март күнү саат 16:20лар чамасында борбор калаадагы Бөкөнбаев — Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Mersedes-Benz үлгүсүндөгү эл ташыган №214 микроавтобус менен Volvo жолтандабасы кагышып, төрт адам жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости