ВИДЕО - Бишкекте микроавтобус оодарылып кетти
Кылмыш жана кырсык  |   |  175

Бишкекте Чүй проспектиси менен Калыка Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Honda Fit унаалары менен No215 кичи автобус кагышып, микроавтобус оодарылып кеткен.

Үч жабырлануучу тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Учурда окуя болгон жерде Патрулдук милиция иштеп жатат.
Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями