www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Опера жана балет театрынын алдындагы аянтта уюштурулган коштошуу иш-чарасына бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана башкалар катышты.
Өз сөзүндө парламент төрагасы Талант Мамытов “Үсөн Сыдыков жашоосун мазмундуу, маңыздуу жана өрнөктүү өтөгөнүн” белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “маркум өзү өтсө да жасаган эмгеги жашай берет” деди.
Үсөн Сыдыков 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кыла айылында туулган. Ушул жылдын 28-июлда Бишкекте 78 жаш курагында оорудан каза болду.
Кошумчалай кетсек, Сыдыков 1965-жылы Фрунзе шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы Арал совхозунда агроном болуп баштаган.
1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген.
1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, экинчи катчысы,
1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы болгон.
1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин биринчи катчысы,
1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР Мамлекеттик агроөнөр жай комитетинин төрагасы – Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары,
1990-жылы Партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы,
1992-1993-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы соода өкүлү,
1993-1995-жылдары “Кыргыз дан азык” акционердик коомунун төрагасы,
1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргызстан боюнча орун басары,
2005-2006-жылдары президенттин администрациясынын жетекчиси кызматында эмгектенген.
1980-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты болгон.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
“Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы менен сыйланган.
Булак: NazarNews.kg