www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июлга караган түнү Бишкек шаарында тамактануучу жай жана кийим саткан дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим- кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн.

"Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости