www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спорттук автоунаа жүк ташыган кичи автобустун алдына кирип кетти. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул милициясынан NazarNews маалымат  агенттигине кабарлады.

Маалыматка караганда окуя бүгүн, 19-февраль күнү болжол менен саат 15:40тар чамасында Салиева менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү кичи автобус менен Mitsubishi GTO спорттук автоунаа  жана Mazda үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка кабылышкан. Жыйынтыгында спорттук автоунаа жүк ташыган кичи автобустун алдына кирип кеткен.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Бирок, “Тез жардам кызматы” келгени кабарланды.

Ушул тапта, кырсыкты териштирүү максатында жеринде инспекторлор иштеп жатканы айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости