www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир катар көчөлөр жабылып, кыймыл токтотулуп дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Качан бүтөрү белгисиз. Иштер аягына чыгары менен көчөлөр ачылат.

Дезинфекциялоочу аймактагы жарандарга атайын катуу үн чыгаруучу жабдык менен коопсуз жайга турууну, тиешелүү түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат жарыялангандыктан, тургундар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек. Күндүз дагы жашоочуларга өтө зарыл болгон учурда гана сыртка чыгууга уруксат берилген.

Белгилей кетсек, 26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

⚡ Ош облусунда – 20 учур, 
⚡ Жалал-Абад облусунда – 19 учур, 
⚡ Бишкек ш. – 3 учур,
⚡ Чүй облусунда – 1 учур,
⚡ Баткен облусунда – 1 учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости