www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский 11-апрелге караган түнү жасаган видеокайрылуусунда ушул апта орус армиясынын өлкө чыгышындагы ири аскердик чабуулдарга байланыштуу оор болорун эскертти.

"Бирок биз дагы даярданып жатабыз. Биз жооп беребиз", - деди Зеленский. Ал Орусияга каршы дагы катаал санкцияларды киргизүүгө чакыра берерин кошумчалады.

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы аймактарды аткылоону улантып жатат. Украин армиясы айрым чабулдарга жооп кайтарып, орус танктарын, артиллериялык техникасын жок кылды. Бул тууралуу 11-апрелде Британиянын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын күчтөрү курчоодогу Мариупол шаарынын тегерегиндеги чабуулдарды күчөттү.

Буга чейин Орусия өз аскерлерин Киевдин айланасынан чыгарып кеткен. Украин бийлиги Москва Киев жана Сумы облусунда көп жоготууга учураганы үчүн айла жоктон артка кетенчиктегенин билдирип келет.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости