www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери мас абалындагы айдоочуларды жаап-жашырган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, башкы көзөмөл орган Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо органдарында укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын так аткарылышын текшерген. Мындан тышкары, "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды толук киргизүү жана алардын аныктыгы боюнча дагы текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталган:

укук бузууларды системалуу түрдө жашыруу жана мас абалында транспорт каражатын башкарган айдоочуларды жоопкерчиликке тартпоо;

укук бузуулар жөнүндөгү материалдарды иликтөөнү создуктуруу;

салынган айыптарды мамлекеттин казынасына кайтарып алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөө ж.б.

"Мисалы, Т.М. аттуу айдоочу Audi 100 маркасындагы автоунаада мас абалында жол кырсыгына кабылган. Бирок Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ЖКККБнын кызматкерлери жол кырсыгынан төрт ай өткөндөн кийин жол эрежесин бузуу фактысы боюнча расмий түрдө протокол түзүшкөн. Ал эми мас абалында жасалган мыйзам бузуу материалы жашырылып, "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Фактылар боюнча прокуратура тарабынан жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо органдарынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иши Чүй облусунун прокуратура органдарынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости