www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилияда дарыяда сүзүп жүргөн дайверлер өтө чоң анакондага жолугуп калган. Анаконда дарыянын түбүндө сүзүп жүргөн.

Бартоломео Бове менен Хука Игарапе Бразилиядагы Формоза дарыясын изилдеп жүрүшүп, өтө чоң анакондага туш келип калышкан. Дайверлердин айтымында, анаконданын узундугу 7 метрден кем эмес. Өмүрлөрү үчүн коркунучтуу болсо да, чыдабаган дайверлер жыланга болушунча жакын барышкан.

Анаконда суу астында өзүн тынч алып жүргөн жана адамдар менен камерага таптакыр көңүл бурган эмес.

“Бонито районундагы дарыялар менен көлдөр – суусу тунук Түштүк Америкадагы жападан жалгыз жер, бул жерлерден анакондаларды көрүп калууга болот”, -деген Бове журналисттерге.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости