www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Тамилнад штатында үчүнчү аял алам деген күйөөсүн эки аялы сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Динеш аттуу жигит 2016-жылы биринчи жолу үйлөнгөн. 3 жылдан кийин ал жашыруун түрдө дагы бир аял алган.
Мунусунда күйөөсү дагы бир аял алууга ниеттенип жатканын эки аялы билип, аны сабап салышкан. Аларга жергиликтүү тургундар да кошулуп, Динешти сабап жатканын видеодон көрүүгө болот.
Жыйынтыгында, чогулган эл тарап, 26 жаштагы Динешти полиция камакка алды. Көп аял алууга Индияда тыюу салынган, Динеш эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: "NazarNews.kg"