www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО: Бүгүнкү күндүн Мауглиси

Бул балакай 6 айынан тартып эле маймылдар менен достошо баштаган. Индиянын кичинекей тургуну Самарт Бангари болгону төрт жашта, балдар бакчасына барат. Ал өзү теңдүү балдарга аралашпастан "лангур" тобуна кирүүчү маймылдар менен көбүрөөк ойнойт.

Самарт кароосуз калган балдарга кирбейт, анын камкор ата-энеси бар. Эртең менен баланы терезеден кирип келген маймылдар ойготуп, бала бакчага чейин узатып барышат, кайра кечинде үйгө коштоп келишет. Баланын мындай өзгөчөлүгүн айылдаштары да байкагандыктан аны уламыштагы маймылдардын падышасынын атынан Хануман деп атап алышкан. Кээ бири "Маугли" дешет. Самарттын ата-энеси да коркпостон баласын кечке чейин маймылдарга таштап кете беришет

Булак:Сырдуу дүйнө

Последние новости