www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-майда “Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды”, деген жергиликтүү ММКларда маалымат тараган. NazarNews сайтына, маркум Бурулайдын апасы Аида төмөнкүлөрдү билдирди.

--Эмнеси болсо дагы кызым мыкаачылык менен милициянын колунан өлдү. 3 сааттан ашуун, милицияканын алдында түнү ары-бери чуркап жүрдүк. Көрсө мен жөн эле жүрүптүрмүн. Көрсө кызым, эбак эле каза бюолгон экен. Ошентип, кызымды Жайыл районуна караштуу №13 моргдон алып келди. Ыйлап-сыктап кызымдын бетин карайын десем эле кызымдын бети жок. Кызымдын бетин, жаап бекем ороп салышыптыр. Ошол жерде, “кызымдын бетин эмне мынча ороп салгансыңар, ачкыла”, деп ачтырдым. Кызымдын бети ушунчалык бекем оролгондуктан, анын бетиндеги кездемени кайчы менен кыркып ачканга туура келди. Денесин көрүп шок болуп калдым. Ичинен тамагына чейин кескилеп салыптыр. Башы топко окшоп көлкүлдөп турат. Бир убакытта эле, бейтааныш молдо келип, “тез кызыңарды жерге бергиле, кызыңар даяр, жууп тазаланган. Бул кыз шейит кетти, жаназа буйрубайт, тез жерге бергиле”, - деди.

Төмөндө видеотасмада маек толугу менен...

Эске сала кетсек, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Марс Бөдөшев үйлөнүү үчүн ала качып кеткен 19 жаштагы Бурулайды бычактап өлтүрүп, кыздын денесине жигит Н+Б деп жазган. Андан кийин өзүнүн дагы бычактаган. Такталбаган маалыматтарга караганда, Марс Бөдөшөв өзүнө 4 жолу бычак сайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости