www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстан бийлиги Москвадан 100дөн ашуун жаш жигиттерди кайра алып келип, “татыксыз жүрүм-туруму” үчүн аларды эл алдында кечирим суроого мажбурлашты.

Психотроптук каражаттар үчүн кармалган жигиттер менен өлкө башчысы Рамзан Кадыровдун кеңешчиси Адам Делимханов жана ИИМ башчысы Руслан Алханов Грозныйда жолукту.

Жолугушууга балдардын туугандары дагы чакырылган. Делимханов кармалгандарга кайрылып жатып, чечендер жана мусулмандар үчүн мындай жүрүм-турум кабыл алынбай турганын билдирди.

“Окуп, спорт менен машыккандын ордуна, адепсиз жашоо образында жүрөсүңөр. Муну менен силер жакындарыңарды ыңгайсыз абалда калтырып, бүткүл улутка доо кетирип жатасыңар“, -деди Делимханов.

Анын айтымында, кайтып келгендердин бардыгы коомдук жумушка тартылат. Жаштар камерага өкүнүп, бийликтин айыптоосунда эч кандай адилетсиз нерсе жок деп ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости