www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев жарандардан үйдөн чыкпоосун суранып, төмөндөгүдөй пост жарыялаган. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсү берилди:

“Бул балээнин маанисин дагы эле түшүнө элекпиз. Кача албайсың эч жерге. Дүйнөдө азыр өз үйүңдөн өтөөр коопсуз жер жок. Байың да, кедейиң да, позиция, оппозицияң да вируска бирдей жемсиң.

1 айга чыдап туралычы, суранабыз!
Мамлекеттик кызматкерлер, врачтар, шоопурлар, милиция деги эле коомдук иште жүргөндөр сиздер үчүн жүрөбүз. Кызматыбыз туура, бирок силер да жардам бергиле да. Үйгө келип бала бакырабызды өөп, жыттай албай калдык.
Тыштан келгендерди тосуп, алардын капризин, жаман сөзүн угуп атабыз, уйку жок.

Бирок иштеп беребиз.
Силерден бир өтүнүч 15-апрелге чейин үйгө отуруп бергилечи. Уккулачы бизди😪😔🥺🙏”,,-дейт чиновник.  

Балбак Түлөбаев коронавирусту жуктуруп, андан азап чегип жаткан аялдын видеосун кошо тиркеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости