www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"12 жаштагы балам ушул жылдын 9-март күнү кечке маал классташы тарабынан сабалып, бутунан катуу жаракат алып, 3 айдан бери төшөктө жатат. 3 жолу бутунан операция болду. Дарыгерлер убагында тиешелүү көңүл бөлбөй коюп, баламдын буту ириңдеп, ал ириң сөөгүнө чейин жетип кеткен. Күнөөлүү тарап жана 3-шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери жоопкерчиликтен качып жатат", - деди бүгүн, 10-июнда NazarNews маалымат агенттигине жабырлануучу Абдуллахх Мамасалиевдин апасы Наргиза Шергазиева.

Наргиза Шергазиеванын айтымында баласы буга чейин дени сак болгон.  

"3-шаардык балдар оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Умар Дыйканович уулумду сабаган баланын ата-энесинин жакын тууганы экен. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Күнөөлүү тарап бардык жерге акча сунушташып, жоопкерчиликтен качып жатышат", деп билдирди Наргиза Шергазиева.

Толугу менен маалымат төмөнкү тасмада: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости