www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тышкы саясат бөлүмүнө тажрыйбалуу адам керек”, - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

--“Тышкы саясат абдан оор тармак. Бул жака эл аралык уюмдарда же башкаларда иштесе эле бөлүмгө келүү болбойт. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө тажрыйбалуу, аналитик адам келгени абдан туура. Себеби, ар бир болуп жаткан окуяга анализ жүргүзүп, изилдеп ошого жараша ой жүгүртүү зарыл. Ошондо президентке чоң жардам болот. Тышкы саясат бөлүмүнө жаш тажрыйбасы жок бала дайындалганда эле кооптонгонбуз. Тышкы сектор, соттук сектор жана коопсуздук сектор дегендер бар. Ошолор абдан кыйын нерсе да. Ар кандай нерселерди алдын ала көрө билип, анализдей билүү зарыл”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости