ВИДЕО - Дача Су айылына учактын кулашынын себеби аныкталды
Кылмыш жана кырсык  |   |  8390

Так төрт жыл мурда жүк ташыган "Боинг" Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан улам 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон.

Учактын кулашына эмне себеп болгонун аныктоо үчүн Sputnik басылмасы өздүк иликтөө жүргүзгөнүн жарыялады. 

Андагы маалыматка караганда, конууга жол көрсөтүүчү сигнал жерден чагылышып туура эмес траектория көрсөткөн экен. Аны түшүнгөн пилоттор аэропорттун диспетчерин күнөөлөп, кабинанын ичинде абал курчуган. 1,5 секундалык кеч басылган "кнопка", 3 секундга уланган кулоо, ондогон адамдын өлүмү...

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями