Кыргызстанда депутаттар гана президент боло алышабы?
Кыска-нуска  |   |  331

1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРине президент шайлоо боюнча Кыргызстан Жогорку Советинде аракеттер башталат. Биринчи турга ошол кездеги Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Апсамат Масалиев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары Жумгалбек Аманбаев катышып парламенттен тиешелүү добуш ала албай калышат. Өз алдынча блокко топтолушкан депутаттар Айтматовду сунуш кылышат.Ал мезгилде СССРдин карамагындагы Кыргыз ССРине президент кылыш үчүн Айтматов Акаевдин талапкердигин сунуштаган. Парламент колдоп көпчүлүк добуш менен СССР Жогорку Советинин депутаты Акаев өтүп кетет. 1991-жылы ГКЧПдан соң 12-октябрда Аскар Акаев альтернативасы жок жалпы элдик добушка салып кайрадан президент болот.

2005-жылы Акаевдин бийлиги кулатылат. Июлда өткөн президенттик таймашта талапкерлердин фаворити, легендарлуу жана Кыргыз Республикасынын экинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты Курманбек Бакиев президент болуп жеңип чыгат.

 2010-жылы кайрадан бийлик алмашат, Убактылуу Өкмөттүн төрайымына жана референдум аркылуу 2010-жылдын 27-июнунда президенттикке  төртүнчү парламенттин депутаты Роза Отунбаева дайындалат.  2011-жылы күзүндө болгон бүткүл элдик шайлоодо Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Алмазбек Атамбаев жеңип келет.

2017-жылы октябрда болгон президенттик шайлоодо экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы парламент депутаты Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланат.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо үчүнчү жана бешинчи чакырылыштагы парламент депутаты Садыр Жапаров жеңишке жетишти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями