www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет булактарында дагы бир үйдүн ээси келинди жаш баласы менен батирген чыгарып жаткан видео тарады. Бирок, Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганы тууралуу так маалымат жок.
Видео-тасмада келиндин "акча жок, ушундай кырдаалда түшүнүп койсоңуз” деп айтып жатканын угууга болот. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок.
Белгилей кетсек, 10-апрелде да Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы Камбар-Ата көчөсүндө батирде турган аялдарды үйдүн ээси эшикке чыгарып салганы тууралуу видео-тасманы Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Айгерим Иманалиева өзүнүн баракчасынан жарыялаган. Кийин чыгарып салган батирдин ээси себебин түшүндүргөн.
Эске сала кетсек, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланып, коомдук транспорттор, таксилер токтотулган. Ошондой эле, баардык иш каналар, базарлар дагы жабылган.
Булак: NazarNews.kg