www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Кыргызстанда медицина тармагы оор абалда калды. Бул тармак көп билинбей жүрсө пандемияда ар бир жаранга маалым болду. Биздин коронавирус сыяктуу күтүүсүз келген жугуштуу ооруларга даярдыгыбыз жок экенин далилдеди. Негизи эле кыргыз медицинасы каралбай калган. Бул тармак пайда алып келүүчү эмес, тескерисинче көп чыгым кетирүүчү тармак болуп саналат. Бюджеттен дагы көп каражат сарпталышы керек. Бирок муну эч ким түшүнбөйт. Акча маселесине келгенде эле ыйлашат. Медицинага эл аралык чоң долбоорлор, гранттар аркылуу гана чет мамлекеттердеги демөөрчүлөрдөн гана каражат жакшы келет. Биз ошолорду туура пайдаланып медицина тармагын кичине болсо дагы оңдоп-түзөп алышыбыз керек. Тилекке каршы учурда саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилер өз кызыкчылыктарын ойлоп жүрүшөт. Тактап айтканда каражаттарды туура эмес пайдаланып келишет”, - дейт экс-министр.
Булак: NazarNews.kg