www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 134 миллион 536 миң 895 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 76 миллион 419 миң 476 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 914 миң 285 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 10-апрелге карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 82 миң 621 болду. 561 миң 52 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 373 миң 174 адам вируска кабылган. 348 миң 718 бейтап көз жумса, 11 миллион 715 миң 600 бейтап оорудан сакайды.
Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 13 миллион 60 миң 542 адамдан аныкталды. 167 миң 642 адам каза болсо, 11 миллион 913 миң 292 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Булак: NazarNews.kg