www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Көзү өтүп кеткен адамдардын сүрөттөрүн сактап, илип алган туурабы?» деген суроо көптөрдү ойлондуруп келет. Анда бул нерселерге көңүл буралы.
Тирүү адамдан жандуу энергетика чыгып турса, өлгөн денеден эч кандай энергия чыкпайт тура. Окумуштуулар тирүү адамды токтобос кыймылдаткыч менен салыштырса, өлүктү бузулуп, жүрбөй калган машинеге салыштырышат.
Сүрөттөргө келсек, алар башкача болот экен. Көзү өткөн адамдын сүрөтү муздак энергетикага ээ болуп калат. Ошол эле учурда тирүү адамдын сүрөтү жылуу энергия чачып, өзүн билгизип турат.
Мындайды көзү ачыктар бат эле табышат. Баарыбыз эле туугандарыбыздын сүрөттөрүн карап отуруп, көзү өткөндөрдү жакшы элестер менен эстеп турабыз. Ошол себептен улам кээ бирлер дубалдарына илип алышат.
Демек, үйдө көзү өткөн адамдардын сүрөттөрүн сактаса, илсе дагы болот. А бирок үйдүн ичине муздак энергетика чыгарып турган сүрөттү дубалга илип алуунун кереги барбы? Дубалга илбей эле өзүнчө альбомго салып, катып койсоңуз туура го. Дагы бир эске алчу нерсе, тирүү адамдар менен каза болгон адамдардын сүрөттөрүн чогуу сактабаш керек экен.
Булак: Азия News гезити