www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Медицина тармагына абдан кесипкөй жетекчи керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Кыргызстанда социалдык маселелер менен көптөн бери иштеген, керек болсо мыйзамдардагы өзгөчөлүктөрдү билген, өзүнүн стратегиясы бар жетекчи керек. Анткени убакыт өтө тар. Акыркы жылдары жасалган реформалар бир топ убакытка туруп калды, аны тез арада ишке ашыруу керек. Сөзсүз эле менеджер болушу керек эмес, эң негизгиси бул тармакты билген, элдин социалдык абалын түшүнгөн жетекчи болсо жакшы болот. Ошондуктан бул кызматка абдан кесипкөй адам керек. Азыр мындай кадрлар бар, болгону туура тандоо зарыл. Эгер башка министрлерди тандоо критерийи менен тандасак, тагыраагы, тигил партиядан же тааныш-билиш болуп кетсе анда элдин саламаттыгына жакшы кам көрүлбөйт”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости