www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстандагы мыкты кадрларды кармап калуу керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Кыргызстанда кадр маселеси чоң көйгөйгө айланды. Тааныш-билиш же акча чечип калгандай. Учурда чет мамлекеттерге дагы мыкты кадрлдар кетип калды. Аларды кайтарып келүү үчүн айлык акыны көтөрүү керек. Ал эми улуу муундагы алдынкы кадрларды кармап калуу зарыл. Алардын  иш тажрыйбалары, билимдери жаштарга абдан керек. Биз улуу муун менен жаштарды айкалыштырып иш алып барбасак болойт. Анын үстүнө Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте өлкөнү сүйрөшүбүз керек. Коңшу мамлекеттерди карап отурсак, аларда деле көрө албастык, бут тосуулар болууда. Бир ошого карабастан өнүгүү жолуна түшүүдө. Ошондуктан биз билимдүү, акылдуу жана тажрыйбалуу адистерди азыртадан кармап калганга аракет кылсак. Биз өнүккөн өлкөлөрдөн үлгү алып, алдыга умтулабыз деген ой бар”, - деди саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости