www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Көптөгөн жаштар шаардык кеңешке шайлоого аттанышты. Шаарды оңдоого сенде да ойлор болдубу?
- Мен мурунку Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер катары катышкам. Ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу буюрса күзүндө боло турган шайлоосуна катышам. Ошондуктан, шаардык кеңешке барганым жок. Шаардык кеңештен кайрадан Жогорку Кеңешке барып, эптеп эле креслого жетиш максат эмес. Өзүмдүн башка максат-пландарым болгондуктан, шаардык кеңешке мутаждыгым жок.
- Башкалаа тургуну катары 10-15 жылдан кийинки Бишкекти кандай элестетесиң?
- 2005-жылдагы шаарыбызды элестете турган болсок, азыркы Бишкек менен мурунку Бишкектин бир топ айырмасы бар. Жаңы үйлөр курулду. Бирок ошол кездеги бардак, башкы пландын жоктугу ж.б. толгон-токой көйгөйлөр ошол бойдон калды. 15 жылдан кийинки мен кыялданган Бишкек – иретке келген, таза, жашыл шаар.
- Шайлоого бараткандар тууралуу пикириң?
- Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеңешке шайлоого бараткан талапкерлердин көпчүлүгүнүн курулуш компаниялары бар, же ошолордун туугандары, балдар-кыздары, күйөө балдары, жакындары. Алардын көпчүлүгү үйлөрүн 49 жылга арендага алган жерге курушкан. Ошол жерлерди менчиктештирүү, ошол үйлөрүн, үйлөрү салынган жерлерди кызыл китепке айландыруу максатында бара жаткандар. Ал айдан-ачык билинип турат.
Чыныгы шаар үчүн күйүп, «шаарды оңдойбуз» деп бараткан жаштардын көпчүлүгүнүн шаарды кантип оңдой турган пландары деле жок. «Бара көрөбүз» деген пикирде. «Бишкек шаарына тигини кылабыз, муну кылабыз» дегендерден чочулап турам. Баарын убакыт көрсөтөт.
Булак: Азия News гезити