www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Пандемияда министр абдан начар иштеди”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп күтүп жатабыз. Ушул толкун абдан күчтүү болоору айтылууда. Мына Европа өлкөлөрүндө аябай катуу болуп жатат. Бул илдет 2019-жылы пайда болду, азыр 2021-жыл. Бирок Кыргызстанда үчүнчү толкунга даярдык жакшы эместей. Пандемия башталганда ошол кездеги министр жана тиешелүү жетекчилер аябай начар иш алып барышты. Негизи тажрыйбалуу дарыгерлер абдан көп. Алар дүйнөлүк методиканы же болбосо тажрыйбаны көрүштү. Былтыр вирус күчөп жатканда медицина кызматкерлери кызыл зонага кирип, өздөрүнүн ден соолугунан элдин саламаттыгын биринчи орунга коюшту. Тилекке каршы аларды ыраазы кылгыдай акча төлөп бере алган жокбуз. Булар үй-бүлөсүн таштап коюп күнү-түнү иштеди. Ошондой эле апаат учурунда дарыгерлердин жетишсиздигине күбө болдук. Кыйын дарыгерлер чет мамлекеттерге кетип калышкан. Аларды азыр кайрып алуу кыйын. Баары келип акча маселесине такалат. Айрымдары жумуштан кетип калышыптыр.    

Айтайын дегеним, үчүнчү толкунда азыр дарыгерлер мурдагыдай коркпой, баары иштээри белгисиз. Ошондуктан министр биринчи толкунда жакшы иштеп, аларды колдоп, жок дегенде айлык маянасын көтөрсө туура болмок. Пандемияда эл дагы бийлик өкүлдөрү дагы медиктердин баркын билишти. Тилекке каршы колдоо болгон жок”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости