www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-апрелде Баткен облусунда ден-соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине бара албай турган 883 жаран көчмө урна аркылуу добуш берип жатат.

Буга байланыштуу социалдык тармакта дени сак адам добуш берип жана анын жанындагы киши бюллетеньди урнага өзү салып жаткан видео тарады.

«Мына дагы факт! Ош шаарында 5309 шайлоо участкасындагы көчмө урналар менен шайлап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар! Ушул добуш берип жаткан бала аттай секирип эле жүрөт го. Берки кишиге көрсөтүп, бюллетеньди колуна алып өзү урнага салып жатканы дагы мыйзамдуубу? Дагы канча факт керек? БШК ушуга окшогон мыйзам бузууларга тезинен чара көрбөсө 5-октябрь кайталанышы мүмкүн!», - деп билдирген видеонун автору.

Эске салсак, мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар буга чейин көчмө урна аркылуу добуш берүү үчүн шайлоо тилкесине арыз менен кайрылган.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы облус боюнча референдумга 300 миң 500, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 279 миң 875 шайлоочу добуш берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости