www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов авиабилеттерге бааны төмөндөтүү жана «COVIDсиз саякатта» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн маселелер боюнча бир катар мамлекеттик ведомстволордун ишинин натыйжалуулугу төмөн болуп жаткандыгы белгиленди.

«Сиздердин аракетсиздигиңиздерден улам айрым ишкер жарандар сапарга курч муктаждыкты тастыктоочу «негиздеме» - документти бизнеске айлантуусуна алып келди. Сиздер долбоордун ишке ашырылышын тыкыр иштеп чыгып, 1-апрелден тарта аны ишке киргизүүңөр керек эле. Биздин жарандар үчүн Евразия экономикалык бирлиги өлкөлөрү ортосунда жүрүүсү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЧР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок эки лаборатория гана аталган анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?», - деп сурады Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал өкмөт авиабилеттерге бааны төмөндөтүү, ошондой эле үзгүлтүксүз авиакаттамдардын санын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады.

«Азырынча бул маселелер толук кандуу чечиле элек болгондуктан, катардагы жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек. «COVIDсиз саякатта» долбоору ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тургундарынын жүрүү кыймылын жеңилдетүүгө багытталган, мында учурдагы талаптардын сакталышы камсыздалат», - деп белгиледи өкмөт башчы жана тийиштүү анализдерди тапшырууга мүмкүн болгон лабораториялардын жана үзгүлтүксүз авиакаттамдардын санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды, ошол эле учурда ал аталган маселе Өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости