www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу жабырланган окуучунун агасы маалымат булактарына билдирген. 

Белгилүү болгондой мушташка 9-10-класстардын окуучулары катышкан.

"Иним Каракол шаарындагы Чехов атындагы орто мектепте окуйт. Өзүнүн 3-4 досу менен жүрсө коңшу айылдан бир топ балдар келип сабап кетишиптир. Достору качканга үлгүрүп, иним жетишпей калган. Аны артынан таш же темир менен башына катуу уруп, эсин жоготуп, жыгылып калганына карабай тепкилешиптир. Учурда ооруканада, эсине келгени менен өзүн начар сезип турат. Дарыгерлердин айтымында каракуш мээсинен 3-4 сантиметр аралыктагы баш сөөгү сынган. Бул жакта операция жасай албайбыз дешип Бишкекке алып кеткенге даярдык көрүп жатышат", - деди жабырланган окуучунун агасы.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов окуучунун денесине зыян келтирген балдардын өздүгү такталганын билдирди.

"Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, окуучунун денесине зыян келтирген балдардын өздүгү аныкталды. Учурда алар шаардык милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматкери.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости