www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирус жуктуруп алган 27 бейтаптын абалы өтө оор

COVID-19га каршы күрөш боюнча штаб 10-апрелге карата коронавируска чалдыккан 833 адам ооруканада экенин кабарлады. Бейтаптардын ичинен 27 адамдын абалы өтө оор. 193 адам оор абалда. 587 адамдын абалы орто оордукта, 26 бейтап канаттандырарлык абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 880 бейтап бар.

10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган 208 киши катталды. Соңку суткада оорудан үч киши каза тапты.

Пандемия башталган былтыркы марттан бери Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 90 019 кишиге жетти. 85 824 адам сакайды. Илдеттен жалпы 1519 адам кайтыш болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости