www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-апрелде башталуучу ыйык Рамазан айынын босогосунда бир катар мусулман мамлекеттеринде коронавирус илдети тездик менен жайылгандыгы санааркоо жаратууда.

Пакистан бийликтери жугуштуу илдеттин жайылышын токтотуу үчүн 10-апрелден баштап шаарлар аралык унаа каттамдарын чектеп жаткандыгын билдирди.

10-апрелде Иран 257 шаарда 10 күндүк чектөөлөрдү киргизгендигин жарыялады. Бул шаарларда бардык парктар, ресторандар, сулуулук салондору, соода борборлору жана китеп дүкөндөрү жабылды.

Ал эми Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 208ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Оорулуулар аныкталган аймактар:

Бишкек — 128;

Чүй облусу — 66;

Ысык-Көл облусу — 8;

Ош облусу — 2;

Нарын облусу — 2.

Баткен облусу — 1;

Ош шаары — 1.

Талас жана Жалал-Абад облустарында илдетке кабылгандардын жаңы учуру катталган эмес.

Акыркы сутка ичинде үч адам оорудан көз жумду. Анын экөө Бишкек шаарынан, үчүнчүсү Чүй облусунан. Пандемия башталгандан бери өлкөдө каза болгон жарандардын саны 1 519га жетти.

Илдеттен 105 киши сакайды:

Бишкек — 55;

Чүй облусу — 40;

Ысык-Көл облусу — 7;

Ош облусу — 2;

Нарын облусу — 1.

Ош, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сутка ичинде сакайып чыккандар катталган жок.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 824 адам коронавирус инфекциясы менен ооруган.

Соңку суткада 5 563 ПЦР-иликтөө жүргүзүлгөн. 833 бейтап стационардык, ал эми 880 киши амбулатордук түрдө дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости