www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азыркы реформалоо кандай жыйынтык берет белгисиз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Азыркы учурда бир топ министрлик жана агенттиктер кошулду. Айрым министрликтер жана мамлекеттик мекемелердин саны кыскартылды. Реформалоо кандай жакшы жыйыктык берет азырынча белгисиз. Азыркы өкмөт бир жакшы максатты көздөп ушундай жолго барса керек. Мен билгенден көптөгөн өлкөлөрдө министрликтер кыскартылган. Негизи айрымдарын өзүнчө министрлик боюнча калтырылганы туура болмок. Себеби, кээбир эл аралык иштерди же долбоорлорду ишке ашырууда өзүнчө министрликтин деңгээлинде сүйлөшүүлөргө барууга туура келет. Ошондой эле, министрликтер кыскарганда мамлекеттик кызматкерлердин саны дагы кыскартылат. Аларга дагы шарт түзүү зарыл. Мисалы, кызматтан бошогондо алар эмне менен алектенет ошол чоң суроо. Андыктан аларды талаага калтырып койгон болбойт. Мамлекетке кызмат кылган адамдардын тагдырын ойлогондору туура. Жок дегенде чакан ишканаларды куруп, жумуш орундары менен камсыз кылуу зарыл”, - дейт саясатчы.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости