www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Тийиштүү токтомго премьер-министри кол койгон.

Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган, деп билдиришти өкмөттөн.

2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, «Улуттук» статусуна, же «академиялык» наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү.

Мурда өкмөтүнүн чечими менен «Улуттук» статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.

Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости