www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтерин бириктирүү эрте болуп калды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“ Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен социалдык өнүктүрүү министрлигин бириктирди. Бирок азырынча буларды кошуп койгондору эрте болуп калды. Себеп дегенде, эки министрликтин сапатын жакшыртуу керек болчу. Бул оор тармакка күчтүү министр керек. Келген министрдин эле кеңешчилери абдан көп. Алар жетекчинин башын айлантып ар кандай кеңеш беришет. Мисалы, жаңы келген министр мурдагы иштеген министрдин ишин же программасын улантып кетпейт. Биздеги эң чоң көйгөйлүү маселе ушунда. Баары эле жаңы долбоорлорун көтөрүп чыгып, кыйратам дешет. Же аягына чыгып, жакшы натыйжа көрсөтүшпөйт. Ал эми азыркы оптимизация натыйжалуу болобу азырынча күмөн. Бүгүнкү күндө эки министрликтеги кызматкерлердин саны кыскартылса кандай жыйынтык болот белгисиз. Аны убакыт көрсөтөт деп ойлойм. Бул тармактан биринчи бюджеттеги акчанын канчасын үнөмдөп калабыз? Реформалоо өз максатына жетеби ошол чоң суроо. Андыктан жакшылап ойлонуу керек эле”, - дейт экс-депутат.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости