www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Өлкөдө дээрлик бардык ооруканалар өз профилине ылайык жооп бербейт. Ооруканаларда бейтаптар дарыланып жатканда жакшы шартта түзүлүүсү керек. Былтыр Кыргызстанда коронавирус оорусунун туу чокусу катталган учурда ооруканалардын абалы баарына белгилүү болду. Аймактардагы айрым бейтапканалардын начардыгына мышык ыйлайт. Мен мурда эле жеңил өкмөт жеңил конструкция менен ооруканаларды салышы керек дегем. Тилекке каршы бул сунушум аткарылган эмес. Былтыр гана муктаж болгондо гана билишти. Бул чакан ооруканалар жеңил жана заманбап болот. Ал эми баары эле каражатты айтышат. Каражат табылат, бизде байлар көп. Ошолорду демөөрчүлүккө сүйлөшсө куруп беришмек. Ансыз деле былтыр эл бири-бирине жардам берди. Андыктан азыр дагы жеңил ыкчам курула турган ооруканаларды салбасак болбойт”, - дейт экс-депутат.
Булак: NazarNews.kg