www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боом капчыгайында жол кыймылына чектөө киргизилди

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлө баштады.

Буга байланыштуу поезд жана автоунаалардын өтүшүнө 12-апрелден тартып чектөө киргизилди.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, коопсуздандыруу иштери капчыгайдагы 117-118-чакырымда жүргүзүлөт.

Чектөө 16-апрелге чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланат.

Боом капчыгайында таш кулай турган кооптуу аймактар көп. Маал-маалы менен аларда тазалоо иштери жүрүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости