www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө борбору коронавирустун SARS-CoV-2 деген түрүнө каршы Кытай вакциналарынын натыйжалуулугунун төмөндүгүн тааныды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз эмдөө үчүн ар кандай өндүрүштөгү вакциналарды колдонуп көрүп, расмий түрдө карап жатабыз" деп борбордун директору Гао Фу билдирген. Ошол эле сөзүндө ал Кытай вакциналары "анчалык деле натыйжалуу эмес" деп макул болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Sinovac вакцинасынын эффективдүүлүгү 50,4 пайызды түзөт - салыштыруу үчүн бул көрсөткүч орусиялык жана батыштык аналогдордуку 90 пайыздан ашат. Бирок Кытайда бир дагы чет элдик коронавирустук вакциналар колдонула элек.

Буга чейин он миллиондогон Кытай жарандары эмдөө дозаларын алышкан. Бээжин жайдын ортосуна чейин өлкө бир миллиарддан ашуун адамды эмдөөнү пландап жатканын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости