www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү (TGA) Агенттигинин координациясында Түркияда туризм секторунда иштеген кызматкерлердин COVID-19га каршы эмдөөгө каттоо программасын баштады. Туризм тармагындагы бардык кызматкерлерди эмдөө 2021 жайкы сезон башталганга чейин аяктайт.

Программа аркылуу эң биринчилерден болуп «Коопсуз Туризм Сертификат Прораммасы» алкагында катталган мейманкана жана турак-жайлардын, ресторандардын, туристтик агенттиктердин кызматкерлерине, ташуучу транспорттор жана гиддерге эмдөө жасалат. Бул программа «Коопсуз Туризм Сертификат Программасы» алкагында ишке киргизилген. «Коопсуз Туризм Сертификат Программасы» 2020-жылдын июнь айында ишке киргизилип, ошол убактан бери Түркия ден-соолук жана коопсуздук эрежелерин катуу сактап, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүп келет. COVID-19 менен күрөшүү алкагында жана дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн бири катары өз позициясын андан ары чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттеринин алкагында, Түркия дүйнөдөгү биринчи жана ийгиликтүү өрнөктөрдүн бири болгон «Коопсуз Туризм Сертификат Программасына» инвестиция салууну улантууда. Бул сертификатты алууну өлкө практиканын масштабын кеңейтип, 30 же андан ашык бөлмөлүү конок үйлөрү үчүн милдеттүү кылынган. Бүгүнкү күндө 8000ден ашык объект сертификат алган.

Түркия жөнүндө:

Жер ортолук деңизинде жайгашкан жана Азия менен Европаны бириктирип турат. Түркия жайгашкан аймакта континенттерди бири-биринен белгилүү Босфор кысыгы бөлүп турат. Аталган уникалдуу өлкөгө өткөн жылы 50 миллиондон ашык турист келген. Ар дайым маданий карым-катнаштын борбору жана ар кандай климаттын мекени болгон Түркия, конокторду өзүнүн тарыхы, жаратылышы жана кылымдар бою цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн чагылдырган гастрономиясы менен дүйнө жүзү боюнча конокторду өзүнө тартып турат.

Түркия Туризм Таанытуу жана Өнүктүрүү Агенттиги тууралуу:

Түркиянын ички жана эл аралык базарында бренд катары өзгөчөлүктөргө ээ борборго айлануусу, материалдык жана материалдык эмес табигый, маданий, биологиялык жана техногендик мурастарынын табылышы, өнүктүрүлүшү жана таанытылышы менен катар кыска, орто жана узун убакытка созулган байланыш жана маркетинг иш-аракеттеринин негизинде Түркиянын туристтик потенциалын жана туристтик инвестициялардын өлкөнүн экономикасындагы үлүшүн ошону менен биргеликте кызмат көрсөтүү сапатынын жогорулатылуусун көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашырып келет. Аталган агенттик, Маданият жана Туризм Министрлиги тарабынан белгиленген туризм стратегиялары жана саясатынын негизинде Түркиянын туризм багытындагы максаттарына жетүүсүн, учурдагы туризм мүмкүнчүлүктөрүнүн дүйнөлүк аренада таанытылуусун жана маркетингдик иш-чараларын, ошондой эле туризмдин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, аны өнүктүрүү жана ишке ашыруу багытында бардык жарнамалык, маркетингдик , коммуникациялык иш-чараларды жүзөгө ашырат.

Түркиянын «Коопсуз Туризм Программасы»:

Түркия 2020-жылы туризм сезону үчүн «Коопсуз Туризм Программасын» ишке ашырды. Туризм тармагындагы башкы адистер тарабынан тез арада кабыл алынган программа, кызматкерлердин, жергиликтүү жана чет элдик меймандардын жайгаштыруу, ден-соолугуна кам көрүү максатында тамак-аш, суусундуктар жана транспорт менен камсыз кылуучу мекемелерге карата бир топ иш-чараларды аныктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости