www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медициналык коомчулук бийликти жарандардын тамеки түтүнү жана аэрозолсуз абага болгон укуктарын коргоо боюнча мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырышкан, учурда ал президенттик администрация тарабынан каралып жатат.

“Бул мыйзамда белгиленген салыктык эмес чаралардын комплексин кабыл алуу жана ишке ашыруу тамеки продуктыларын керектөөнүн деңгээлин 25%га, андан кийин тамеки менен байланышкан оорулуулуктун жана өлүмдүн азайышына алып келет”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости