www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Клара айым, парламенттик шайлоого аттанасызбы? Партия мененби же бир мандаттуу округданбы?

- Парламенттик шайлоого сөзсүз барабыз. Азырынча “Ата Мекен” партиясы менен биригип баруу жагы сүйлөшүлүп жатат. “Бир чечимге келдик” деп айтуу азырынча эрте. Ошол эле учурда бир мандаттууга катышпайбыз. Муну так-кесе айта алам. Анткени, бир мандаттууга капчыктуулар барары баарыбызга маалым.

Биздин партия капчыктуулардан эмес. Катардагы эле элдин кызыкчылыгын ойлогон патриоттук сезимдери күчтүү карапайым элдерден куралган. Байлар менен атаандаша албайбыз.

- Ар бир шайлоо тынч өтпөй калган, бу жолу тынч өтөрүнө кепилдик барбы?

- Деги эле бизде шайлоо тынч өтчү эмес. Аралаш системанын түбүндө конфликт жарата турган факторлор көп. Анын баарын айтып отуруунун кажети жок. Шайлоонун тынч өтөрүнө эч ким кепилдик бере албайт. Бир Кудай өзү билет.

Бирок, Кыргызстандын катардагы жараны катары чын дилимден каалайт элем, шайлоонун тынч өтүшүн. Шайлоочулар көчөгө чыкпай, тополоң кылбай, добуштарын уурдатып ийип нааразы болбой, баары шайма-шай, жайма-жай болсо экен.

Булак: Азия News гезити

Последние новости