www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө суу скутеринин ээси чет элдик кардарды сабап салган. Бул тууралуу социалдык тармактарга күбө болгондор жазышты.

Алардын айтымында, скутердин ээси чет элдик жаранга (божомолдоолор боюнча пакистандык жаран) суу скутерин колдонуу шарттарын түшүндүрүп бере албай койгон. Кардарын сабап, милицияга алып барам, деп коркуткан. Бул тууралуу маалыматты black_list.kg инстаграм баракчасы жарыялаган.

"Скутерде болгону фильтрине кум тыгылып калыптыр. Бир топ талаш-тартыштан кийин чет элдик жаранды коё берүүгө макул болуп, 5000 сом төлөп берүүсүн талап кылды. Мындай көрүнүштөн кийин кайсы турист биздин өлкөгө келмек эле? Дагы канча убакыттан кийин маселени сөз менен чечсе деле боло тургандыгын түшүнөбүз, дароо эле токмоктобой?" - деп интернет колдонуучулары комментарий калтырышкан.

Ысык-Көл облусунун ИИБси инцидент боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости