www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматында иштеген эки кызматкер мамлекетке 8 миллиондон ашуун зыян келтирген деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Түндүк" темир жол бажысынын "Кара-Балта" Бажы каттоо жайынан Ж.Д. жана М.Е. аттуу жогорку кызмат адамдары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Текшерүү учурунда үч жүк ташуучу унаа кармалган. Аны менен Түркияда фирмалык кийим-кечелерди жана тиричилик буюмдарын ташып келишкен. Бирок товарлар чек арадан бажы алымы төмөн болгон трикотаж кездемелери, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.
Бажыдагы кызматкерлердин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөө учурунда аталган сумма толугу менен өндүрүлгөнү белгиленет.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иштери жүрүп жатат. УКМК кийинчерээк кошумча маалымат берүүнү убадалады.
Булак: NazarNews.kg