www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Казакстанда химиялык бычуу боюнча мыйзамдын негизинде эки адам жазаланган”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
--“Казакстан педофилдерди химиялык бычуу боюнча мыйзамды эки жыл мурда киргизген. Алардын тажрыйбасын көрсөк болот. Учурда Жазык кодексинин 129-130-беренелерине ылайык, балага жыныстык ыдык көрсөткөндөр 20 жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилет. Казакстан химиялык бычууну 2018-жылы мыйзамдаштырып, бюджеттен 2000 инъекцияга жете турган акча бөлгөн. 2020-жылдан бери эки адамга ошол мыйзам иштеп жатат.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2020-жылы балдарга карата жасалган 1101 кылмыш катталса, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалымат жок ”, - дейт Бекешев.
Булак: NazarNews.kg