www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 14 жаштагы кыздын кош бойлуу экени аныкталды

Түп районунда 14 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу «Репортёр» басылмасы облустук милициянын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде 39-жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анын 14 жаштагы кызынын боюда бар экендигин билдирип, 16-жаштагы баланын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн билдирген.

Аталган факты боюнча 164-берене (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости